01:45, 26-март, 2026

Президент Садыр Жапаров ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды

На русском
17:50, 25-март, 2026 429

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алганын Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн уюмдун өлкөдөгү долбоордук ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Садыр Жапаров ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгүн баалап, азыркы тапта өлкөдө уюм тарабынан 22 долбоор ишке ашырылып жатканын айтты. Уюмдун региондогу ишмердүүлүгү учурундагы эң ийгиликтүү долбоорунун бири болуп борбор калаадагы ЕККУнун Академиясы саналат. 

Президент Садыр Жапаров өлкө ЕККУнун туруктуу тынчтыкты сактоо жана аймакка чектеш аймактарда ишенимди бекемдөө чараларын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде Феридун Синирлиоглу жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан акыркы жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтты. Ал Кыргызстандын демократияны өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин, ошондой эле парламенттеги жана жалпысынан саясаттагы аялдардын кеңири өкүлчүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, Феридун Синирлиоглу Кыргызстандын коңшулаштык жана ишенимдүү мамилелерди курууга негизделген жана эл аралык укуктун принциптерин карманган тышкы саясатына токтолуп, Садыр Жапаровдун Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту жана кызматташтыкты камсыздоого кошкон салымыни белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»