19:30, 25-март, 2026

Ош—Бишкек жолундагы көпүрөнү реконструкциялоо үчүн Япониядан 21,5 млн доллар грант алынат

На русском
17:42, 25-март, 2026 331

АКИpress - Министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы «Бишкек–Ош унаа жолундагы Нарын дарыясынын үстүнөн көпүрө куруу (реконструкциялоо) аркылуу Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдарына байланышты жакшыртуу» долбоору жана Министрлер кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агентствосунун (JICA) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 26-февралында кабыл алынган.

Долбоор боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда (Бишкек—Ош унаа жолунун 315-чакырымы) Нарын дарыясынын үстүнөн узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрөнү куруу каралган. Жаңы көпүрө 1964-жылы курулган эски  көпүрөнү алмаштырат.

Япониянын өкмөтү Кыргызстанга 3 млрд 190 млн япон иени (азыркы курс боюнча болжол менен 21,5 млн доллар) өлчөмүндө грант берет.

Кыргызстан тараптан республикалык бюджеттен 113 миң 202 доллар (9 млн 899 миң 515 сомго барабар) суммада тең каржылоо каралган.

Долбоорду ишке ашыруу Бишкек—Ош унаа жолунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, жүк жана жүргүнчү ташуу үчүн жолдогу убакытты кыскартып, ошондой эле региондун Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдарына байланышын бекемдейт.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»