00:57, 26-март, 2026

Эми этникалык кыргыздар документтерин 30 күн ичинде тактаса болот

На русском
17:00, 25-март, 2026 410

АКИpress - Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди, деп билдирди Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги.

2026-жылдын 24-мартындагы №190 токтомго ылайык, 2023-жылы бекитилген жобого өзгөртүүлөр киргизилген. Тактап айтканда, документ этникалык кыргыздарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына жана жашы жете элек балдарына) тиешелүү ченем менен толукталды.

Эми уруксат берүүчү документтерди тариздөөсүз Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендер этникалык кыргыз экенин тастыктаган документтери аркылуу макамын мыйзамдаштыруу үчүн өлкөгө бир жолу кирүүгө укук алышат. Өлкөгө киргенден кийин аларга тийиштүү уруксат берүүчү документтерди тариздөө үчүн 30 күн убакыт берилет. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»