00:56, 26-март, 2026

Динара Эркинбаева Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары болду

На русском
15:03, 25-март, 2026 439

АКИpress - Динара Эркинбаева Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 25-мартта агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Дайындоо жөнүндө буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эркинбаева 2023-2026-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген.

Ошондой эле агенттикте директордун биринчи орун басары алмашты. Кубанычбек Жаниевдин ордуна Замирбек Кененбаев дайындалды. Андан тышкары Максат Акылбеков директордун орун басары болду.


Динара Эркинбаева 1986-жылы туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун сот-прокурордук факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 09.2009-11.2018 – Ош мамлекеттик юридикалык институту, окутуучу;

- 11.2018-01.2020 – Юстиция министрлигине караштуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды координациялоо борбору, консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам башкармалыгынын координатору;

- 11.2020-06.2023 – Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, юридикалык башкармалыктын башкы адиси;

- 06.2023-03.2026 – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»