19:14, 25-март, 2026

Америка Жакынкы Чыгышка дагы 2 миңдей десант жөнөттү, - «The New York Times»

На русском
14:56, 25-март, 2026 268

АКИpress - Пентагон дагы 2 миңге жакын аскерин Жакынкы Чыгышка жөнөтүүнү буйруду. Бул тууралуу «The New York Times» гезити эки булакка таянып билдирди.

Жөнөтүлгөн топ ыкчам аракеттенүү күчтөрүнө (IRF) кирет — бул 3 миңге жакын аскерден турган бригада, аны дүйнөнүн каалаган жерине 18 сааттын ичинде жайгаштырса болот, деп билдиришти гезиттин маектештери. Алардын айтымында, контингенттин курамына эки батальон кирет, ар биринин саны 800гө жакын аскерди түзөт. Жакынкы күндөрү кошумча аскерлер да жөнөтүлүшү мүмкүн, деп кошумчалашты Пентагондун өкүлдөрү.

Регионго жөнөтүлгөн аскерлердин жалпы саны дээрлик 7 миңге жетти жана бул жаңы эскалацияны билдирет, деп белгилейт «NYT». Жалпысынан аскердик операцияга Жакынкы Чыгыш, Европа жана АКШдан 50 миңге жакын аскер тартылган.

Гезиттин маектештеринин айтымында, америкалык десанттар Ирандын колу жете турган жерге багытталат. АКШ аларды Ирандын мунай экспортунун негизги борбору болгон Перс булуңунун түндүгүндөгү Харк аралын басып алуу үчүн колдонушу мүмкүн, деп жазат гезит.

Буга чейин АКШ Иранга согушту токтотуу боюнча 15 пункттан турган планды бергендиги белгилүү болду. «NYT» гезитинин маектештеринин айтымында, тизмеде Ирандын баллистикалык ракеталары, ядролук программасы жана деңиз  маселелери камтылган.

«Axios» билдиргендей, АКШ менен Ирандын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү 26-мартта өтүшү мүмкүн. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»