АКИpress - Замир Кененбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
2026-жылдын январь айынын ортосунан тарта Кененбаев агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Директордун биринчи орун басары болуп 2026-жылдын 22-январынан бери Кубанычбек Жаниев башка буйрук менен кызматынан бошотулду.