17:46, 25-март, 2026

35 жаштагы Акылбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде жетекчилик кызматка дайындалды

На русском
15:11, 25-март, 2026 449

АКИpress - Максат Акылбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 25-мартта агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

2024-2026-жылдары Акылбеков Салык кызматында ар кандай кызматтарды аркалаган.

Ошондой эле агенттикте директордун биринчи орун басары алмашып, Кубанычбек Жаниевдин ордуна Замирбек Кененбаев дайындалды. Андан тышкары Динара Эркинбаева директордун орун басары болду.


Максат Акылбеков 1991-жылы туулган.

Билими:

- Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети, юриспруденция факультети;

- Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети;

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, башкаруу жана бизнес факультети (Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит багыты);

Эмгек ишмердүүлүгү:

- 2014-2017 – жеке менчик уюмда юрист;

- 03.2017-09.2019 – Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы, юридикалык бөлүмдүн башкы адиси;

- 04.2021-12.2021 – Жогорку Кеңештин аппараты, депутаттын кеңешчиси;

- 03.2024-03.2026 – Мамлекеттик салык кызматы, ар кандай кызматтарда иштеген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»