20:30, 25-март, 2026

Замир Кененбаев Маммүлк директорунун биринчи орун басары болду

На русском
14:33, 25-март, 2026 313

АКИpress - Замир Кененбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

2026-жылдын январь айынын ортосунан тарта Кененбаев агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Директордун биринчи орун басары болуп 2026-жылдын 22-январында дайындалган Кубанычбек Жаниев башка буйрук менен кызматынан бошотулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»