04:10, 26-март, 2026

Каржы министрлиги «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» 7,7 млрд сомдук акциясын алды

На русском
13:59, 25-март, 2026 200

АКИpress - «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын баалуу кагаз ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз биржа фондунун маалыматы боюнча, 2026-жылдын 18-мартынан баштап «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» мекемеси компаниянын 4 млрд 644 млн 809 миң 351 даана жөнөкөй ысымдуу акциясынын ээси болду.

Бул пакет компаниянын уставдык капиталынын 9,51%ын түзөт. Накталай наркта үлүш — 7 млрд 686 млн 723 миң сомго бааланат.

Өзгөрүүгө чейин Каржы министрлиги компаниянын акцияларына ээлик кылган эмес.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»