АКИpress - «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын баалуу кагаз ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду.
Кыргыз биржа фондунун маалыматы боюнча, 2026-жылдын 18-мартынан баштап «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» мекемеси компаниянын 4 млрд 644 млн 809 миң 351 даана жөнөкөй ысымдуу акциясынын ээси болду.
Бул пакет компаниянын уставдык капиталынын 9,51%ын түзөт. Накталай наркта үлүш — 7 млрд 686 млн 723 миң сомго бааланат.
Өзгөрүүгө чейин Каржы министрлиги компаниянын акцияларына ээлик кылган эмес.