01:52, 26-март, 2026

Чыңгыз Мурзакматов кайрадан «Электр станцияларынын» башчысынын орун басары болду

На русском
13:30, 25-март, 2026 277

АКИpress - «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун аткаруу органында өзгөрүү болду.

Кыргыз фонд биржасынын маалыматына ылайык, башкы директордун капиталдык курулуш боюнча орун басары Жекшеев Нурманбет Сарычаловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Бул кызматка Мурзакматов Чыңгыз Жеңишбекович дайындалды.

Чечим компаниянын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган жана 2026-жылдын 23-мартындагы протокол менен таризделген.

Чыңгыз Мурзакматов буга чейин дагы «Электр станцияларынын» башкы директорунун капиталдык курулуш боюнча орун басары кызматын аркалаган. Ошондой эле «Электр станцияларынын» башкы дирекциясынын мүчөсү болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»