21:53, 25-март, 2026

Россияда кыргызстандыкка 2 млн рубль алууга жардам көрсөтүлдү

На русском
12:00, 25-март, 2026 270

АКИpress - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы кыргызстандыкка багуучусун жоготкондугуна байланыштуу 2 млн рубль алууга жардам берди.

Министрлик билдиргендей, Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жаранына багуучусун жоготкондугу боюнча социалдык төлөм алууга көмөк көрсөттү.

«Жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын ыйгарым укуктуу органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада 10-мартта Россиянын Социалдык фонду тарабынан ага 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөндү.

Ошондой эле каза болгон жарандын жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»