00:56, 26-март, 2026

Бишкекте 4,1 млн сомдук алдамчылыкка шектелген аял кармалды

На русском
12:00, 25-март, 2026 510

АКИpress - Алдамчылыкка шектүү жаран кармалганын 25-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын июнь айында ал Түркиядан алынып келди делген алтын буюмдарга 4 миллион 129 миң 300 сом төлөгөн. Бирок ал буюмдарды колуна алган эмес.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан 1970-жылы туулган Д.С. бул ишке шектелип кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»