04:30, 26-март, 2026

Тышкы иштер министри менен ЕККУнун башкы катчысы жолугушту

На русском
11:05, 25-март, 2026 168

АКИpress - 24-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кыргызстанга алгачкы жумуш сапары менен келген Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Хади Синирлиоглунун жолугушуусу өттү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун коопсуздуктун үч багыты: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Кулубаев өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана натыйжалуу башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, ошондой эле экономикалык өнүгүү, экология жана климат сыяктуу тармактарда ЕККУнун ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи.

Тараптар ЕККУнун Бишкектеги академиясынын ишмердүүлүгүн колдоого жана кеңейтүүгө өз ара даяр экенин билдиришти. ЕККУнун башкы катчысы Кыргызстандын ЕККУ менен өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин кубаттап, биргелешкен аракеттерди мындан ары да колдой турганына ишендирди.

Мындан тышкары, аймактык күн тартибиндеги маселелер, атап айтканда Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер, ошондой эле аймактын мамлекеттеринин алдында турган коопсуздукка болгон чакырыктар жана коркунучтар, аларды чечүү боюнча ЕККУнун болгон куралдары менен механизмдерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»