05:51, 26-март, 2026

Жакында эле «Эл артисти» наамы ыйгарылган актер Абдыкалык Акматов акка моюн сунду

На русском
10:51, 25-март, 2026 1082

АКИpress - 25-мартта узакка созулган оорудан кийин театр жана кино актеру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жаш курагында дүйнө салды.

Ага күн мурун президент Садыр Жапаров жарлыгы менен өлкө маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамын ыйгарган.

Акматов «Ак илбирстин тукуму» (1984-ж., эпизод), «Кайчылаш жолдор» (1987, башкы роль), «Жер тегерек болбогондо» (1981), «Кербез» (1989, башкы роль) жана «Курманжан датка» (2014) сыяктуу тасмаларга тартылган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»