21:05, 25-март, 2026

Жеңиш сейил багынын маңдайындагы 2 гектар жер ипотекалык батир үчүн берилди

На русском
10:22, 25-март, 2026 422

АКИpress -

Министрлер кабинети «Менин үйүм 2021–2026» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай курууга бекитилген жер тилкелеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Токтомдун жаңыланган редакциясына ылайык, тизмеге Бишкек шаары, Малдыбаев көчөсү, 269 дарегинде жайгашкан жер тилке кошулду.

Тилкенин аянты 20 216 чарчы метрди түзөт. Бенефициары УКМК деп көрсөтүлгөн.

Жалпысынан, документ тизмеге киргизилген жер тилкелерин программанын алкагында турак жай куруу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга берүүнү караштырат.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдарга, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына турак жай курууга жарактуу жер тилкелерин инвентаризациялоо, кийинчерээк МИКке өткөрүп берүү, турак жай куруу үчүн кошумча жерлерди которуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»