15:14, 25-март, 2026

25-31-март күндөрү тоолуу райондордо кар же жер көчкү жүрүшү мүмкүн

На русском
10:15, 25-март, 2026 312

АКИpress - Кыргызстанда 25-31-март күндөрү жаратылышта кооптуу процесстер активдеши мүмкүн, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайына жана күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында коркунучтуу кубулуштар болушу мүмкүн.

Унаа жолдордун айрым тилкелеринде кар көчкү жүрүп, таш кулашы мүмкүн. Тобокелдик жогору болгон тилкелер:

  • Бишкек—Ош (9, 86–87, 90–94, 96–107, 110–138, 160–216, 216–285, 342–348, 355–362, 370, 400–441-чакырым);
  • Балыкчы—Ананьев—Каракол (28–36, 101–220-чакырым);
  • Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол (64–120-чакырым);
  • Бишкек—Нарын—Торугарт (56, 111–117, 119–122, 125, 130–134-чакырым);
  • Каракол—Эңчилек (8, 38, 45–97-чакырым);
  • Барскоон—Ак-Шыйрак (57–208-чакырым);
  • Арал—Миң-Куш (1–7, 17–36-чакырым);
  • Нарын—Баетов (97–105-чакырым);
  • Ак-Тал— Казарман (2, 5, 67–94-чакырым);
  • Кочкор—Арал—Төө-Ашуу (107, 146–156-чакырым);
  • Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад (326–349-чакырым);
  • Ош—Раззаков (78, 125–138, 149–190, 337–354-чакырым);
  • Раззаков—Андарак—Көк-Таш (0–19, 25–27,3-чакырым);
  • Кайрагач—Кулунду—Арка (5–7-чакырым);
  • Барпы—Ийри-Суу—Өзгөн (14–16-чакырым);
  • Ош—Сары-Таш—Эркечтам (10–15, 69–74, 95–96, 163–240-чакырым);
  • Сары-Таш—Дароот-Коргон—Карамык (7–15, 30–50, 54, 60–89, 97–133-чакырым);
  • Гүлчө—Кызыл-Суу (8–17-чакырым);
  • Культцентр—Чөгөм—Загара (3–6, 11–14-чакырым);
  • Маданий борбор— Кичи-Алай (2–15-чакырым);
  • Ак-Терек—Папан—Кожо-Келең (37–60-чакырым);
  • Жаңы-Арык—Кызыл-Суу (13–28-чакырым);
  • Мырза-Аке—Кара-Шоро (30–60-чакырым);
  • Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Көк-Арт (40–125-чакырым);
  • Дароот-Коргон—Чак—Жаш-Тилек (0–3-чакырым).

Министрлик жарандарды тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартууга, ошондой эле алыскы аралыктарга саякаттоодо коопсуздук чараларын катуу сактоого чакырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»