20:44, 25-март, 2026

АКШ менен Иран сүйлөшүү жүргүзүшү мүмкүн

На русском
10:10, 25-март, 2026 291

АКИpress - 26-мартта АКШ делегациясы жана ортомчулар Иран менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү талкуулап жатышат. Бул тууралуу эки булакка таянуу менен «Axios» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, эгер саммит тастыкталса, ага АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс катышуусу мүмкүн.

Басылманын маалыматы боюнча, АКШ Иранга келишим түзүү үчүн 15 пункттан турган сунуш киргизген. Бул сунуш буга чейин Женевадагы сүйлөшүүлөрдө Америка тарап койгон талаптардын бир бөлүгүн камтыйт. Булактын айтымында, АКШ Израилге Ирандын жогорку деңгээлде байытылган уран запастарынан баш тартууга, Бириккен улуттар уюмунун инспекциясын күчөтүүгө, баллистикалык ракеталардын аралыгын чектөөгө жана прокси-күчтөрдү колдоону кыскартууга макулдугу тууралуу билдирген.

«Axios» басылмасынын израилдик булактары билдиргендей, премьер-министр Бинямин Нетаняху мүмкүн болгон келишим Израилдин максаттарына жооп бербей калат деп кооптонууда. АКШ администрациясы Иран менен байланыш каналы дагы эле ишенимсиз экенин жана Тегерандын ичинде чечим кабыл алуу маселесинде башаламандык өкүм сүрүп жатканын моюнга алат.

Учурда Вашингтон Иран тараптын жообун күтүүдө. Булактардын айтымында, ортомчулар деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу ок атышууну токтотууну сунуштаган, бирок Ак үй андан баш тарткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»