11:27, 25-март, 2026

Бокс боюнча Бразилиядагы Дүйнө кубогуна Кыргызстандан кимдер катышат?

На русском
09:29, 25-март, 2026 182

АКИpress - Бокс боюнча Бразилияда өтө турган эл аралык мелдешке катыша турган Кыргызстандын командасынын курамы белгилүү болду.

«World Boxing» боюнча 2026-жылдагы Дүйнө кубогунун биринчи этабы 20-26-апрель күндөрү Фос-ду-Игуасу шаарында өтөт. Кыргызстандын намысын башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында беш спортчу коргойт.

Кыргызстандын атынан катыша тургандар:

Анвар Хожиев

Зафарбек Камилов

         Мунарбек Сейитбек уулу

Ихтияр Нишонов

Омар Ливаза

Башкы машыктыруучу: Данияр Төлөгөн уулу

Улуу машыктыруучу: Улан Сагынбаев

Биринчи вице-президент: Кунай Медетхан

Вице-президент: Азамат Носинов

Дарыгер: Алтынай Калыбекова

Физиотерапевт: Азат Курманов.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»