АКИpress - Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы акыркы алты айдагы алгачкы беттешин өткөрөт.
Роберт Просинечкинин командасы учурда Түркияда окуу-машыгууда жүрүшөт жана ал жакта Экватордук Гвинея курамасы менен күч сынашат. Оюн Анталиядагы 8000 көрүүчүгө ылайыкталган «Мардан» стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 103-орунда, ал эми Экватордук Гвинея 107-орунда турат.