01:01, 26-март, 2026

1-апрелден тарта «Дордойдун» жанындагы көчөнүн бир бөлүгү оңдоого жабылат

На русском
09:32, 25-март, 2026 605

АКИpress - Бишкекте 1-апрелден баштап «Дордой» базарынын аймагында Айыл көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки Кожевенная көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө жана кеңейтүүнүн биринчи баскычы башталат. Бул тууралуу 24-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-мэр Рамиз Алиев Свердлов районунун акимиатынын, Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин, №305 МАБдын, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана базардын администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө көчөнүн учурдагы абалы, кыймылдын жогорку интенсивдүүлүгү жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында жолду капиталдык оңдоп-түзөө жана кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Иш 2 баскыч менен, убактылуу жолду жабуу менен жүргүзүлөт.

Экинчи баскычта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки тилке жабылат. Биринчи баскыч качан аяктары тууралуу маалымат мэрия тарабынан ачыкталган жок.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»