АКИpress - Бокс боюнча Бразилияда өтө турган эл аралык мелдешке катыша турган Кыргызстандын командасынын курамы белгилүү болду.
«World Boxing» боюнча 2026-жылдагы Дүйнө кубогунун биринчи этабы 20-26-апрель күндөрү Фос-ду-Игуасу шаарында өтөт. Кыргызстандын намысын башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында беш спортчу коргойт.
Кыргызстандын атынан катыша тургандар:
Анвар Хожиев
Зафарбек Камилов
Мунарбек Сейитбек уулу
Ихтияр Нишонов
Омар Ливаза
Башкы машыктыруучу: Данияр Төлөгөн уулу
Улуу машыктыруучу: Улан Сагынбаев
Биринчи вице-президент: Кунай Медетхан
Вице-президент: Азамат Носинов
Дарыгер: Алтынай Калыбекова
Физиотерапевт: Азат Курманов.