АКИpress - 24-мартта саат 23:48де Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 8 чакырым, Талды-Суу айылынан 10 чакырым, Нарын шаарынан 42 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Өзгөрүш жана Талды-Суу айылдарында болжол менен 3 баллды түздү.