05:20, 26-март, 2026

Бишкекте цемент ташуучу унаага урунган «Камринин» айдоочусу каза болду

На русском
09:17, 25-март, 2026 402

АКИpress - 24-март күнү кечинде Бишкектин Чокан Валиханов көчөсүндө жүк ташуучу унаа менен «Тойота Камри» катышкан жол кырсыгы катталды.

Окуя болгон жерден тартылган видеону социалдык тармактарга @alihan.db аттуу колдонуучу жарыялаган. Бул маалыматты Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз катчысы Надырбек Жусупбеков «АКИpress» редакциясына тастыктады.

Анын айтымында, чиркегичи бар жүк ташуучу унаанын айдоочусу түндүк тарапты көздөй бара жатып, солго (батышка) бурулган. Ошол учурда түштүк тарапты көздөй жогорку ылдамдыкта келе жаткан жеңил унаа жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Алгачкы маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, төрт адам жаракат алды. Жабыркагандардын баары «Камри» унаасынын ичинде болушкан.

Кийинчерээк Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кырсыктын чоо-жайын тактады. Окуя болжол менен саат 22:40 чамасында Валиханов көчөсүндөгү №2/12 даректеги имараттын жанында болгон. Чиркегичи бар «Нанван» цемент ташуучу унаасын 1956-жылы туулган Ш.Ш. аттуу жаран башкарып жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен «Камринин» 20-25 жаштардагы айдоочусу каза тапты. Анын төрт жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»