22:41, 24-март, 2026

Бишкектин Түндүк айланма жолу алты тилкелүү болот

На русском
17:26, 24-март, 2026 264

АКИpress - Бишкектеги Түндүк айланма унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол алты тилкеге чейин кеңейтилет. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт.

Курулуш иштери Алматы—Бишкек—Ташкент жана Бишкек—Нарын—Торугарт тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 537 жумушчу жана 243 бирдик атайын техника тартылган.

Учурда Нооруз дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн плиталарын орнотуу иштери аяктады. Канал аркылуу өткөн көпүрөдө тирөөч конструкцияларды орнотуу иштери аткарылып, жолдун негизин тегиздөөгө даярдык көрүлүүдө.

Ошондой эле жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу, аймакты тазалоо жана жараксыз материалдарды чыгаруу иштери улантылып жатат.

Мындан тышкары, айдоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн жолдун негизги тилкесинде параллелдүү түрдө чуңкурларды оңдоо иштери жүрүп, суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»