АКИpress - Кыргызстандыктар Өзбекстанда өтүп жаткан нарды боюнча эл аралык турнирге катышууда.
«Grand Prix Asia» турнири 23-мартта Ташкентте 50дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда башталды. Кыргызстандан 12 адам барган.
Турнирдин алкагында узун нарды боюнча мелдеш өтөт. Ошондой эле кыска нарды, жуптук беттешүүлөр, аялдар арасындагы турнир жана мастер-класстар өткөрүлөт.
Турнирдин байге фонду 500 миң доллардан ашат.
Узун нарды боюнча беш турдун жыйынтыгы боюнча 120 катышуучунун ичинен 60 адам калды. Кыргызстандан 8 спортчу байге үчүн күрөшүүдө, төртөө күрөштү токтотушту.