АКИpress - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2026-жылдын 18-мартында Кыргызстан, Россия жана Казакстандын азык-түлүк товарларынын бааларын салыштыруу үчүн мониторинг жүргүздү.
Кыргызстанда 1 жума ичинде төмөнкүдөй өзгөрүүлөр катталды:
Кымбаттады:
- жумуртка — 1,1%га;
- майлуулугу 2,5–3,2% болгон сүт — 0,7%га;
- уйдун сулп эти — 0,2%га;
- 1-сорттогу буудай уну (импорттук) — 0,1%га;
- 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан — 0,1%га.
Арзандады:
- сабиз — 1%га;
- картөшкө — 0,8%га;
- пияз — 0,6%га;
- рафинаддалган күн карама майы — 0,6%га;
- кум шекер — 0,3%га;
- койдун сулп эти — 0,2%га;
- 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) — 0,2%га.
Ошол эле мезгилде Россияда жана Казакстанда баалардын түрдүү динамикасы байкалды. Айрыкча, Казакстанда май жана картөшкөнүн баасы (+33,8% жана +13,1%) ал эми Россияда жергиликтүү буудай уну (+4,7%) жана жумуртка (+2,7%га) кымбаттады.
Мониторинг негизги товардык топтор боюнча жүргүзүлдү: нан азыктары, картөшкө, жашылча-жемиштер, эт, сүт, кант, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалар.