23:10, 24-март, 2026

20 млн сомдук алдамчылыкка шектелген аял кармалды

На русском
15:46, 24-март, 2026 786

АКИpress - Алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга жаран «Феникс» компаниясына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылы андан бир жылдын ичинде кешбэк аласыз деп 34,5 миң сом алышкан. Бирок арыз ээсин алдап кетишкен.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталган. Шектүү катары 1980-жылы туулган О.Н.Ч. кармалып, камакка алынды.

Мындан сырткары, аялдын үстүнөн 26 адам арызданган. Алдын ала келтирилген чыгымдын суммасы 20 млн сомдун тегерегин түзөт. ИИМ белгилегендей, жабырлануучулардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Ушуга байланыштуу ведомство кандайдыр бир маалыматы бар же шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандарды төмөнкү телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 702 717 308.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»