02:02, 25-март, 2026

Актер Абдыкалык Акматовго «Эл артисти» наамы ыйгарылды

На русском
15:01, 24-март, 2026 677

АКИpress - Президент Садыр Жапаров театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» ардактуу наамын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Сыйлык өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыйгарылды.

Акматов «Айкаш» (1987), «Жер томолок болбогондо» (1981), «Кербез. Качкын» (1989) жана «Курманжан датка» (2014) сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»