АКИpress - Президент Садыр Жапаров театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» ардактуу наамын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.
Сыйлык өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыйгарылды.
Акматов «Кайчылаш жолдор» (1987), «Жер тегерек болбогондо» (1981), «Кербез» (1989) жана «Курманжан датка» (2014) сыяктуу тасмаларда роль жараткан.