23:10, 24-март, 2026

Боксчу Аделя Асылбек кызы Черногорияда күмүш медаль тагынды

На русском
14:59, 24-март, 2026 182

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Аделя Асылбек кызы эл аралык бокс мелдешинде 2-орунду ээледи. «Montenegro Elite Cup» мелдеши 15-21-мартта Черногориянын Будва шаарында өттү.

Асылбек кызы 57 кг чейинки салмак категориясында чыгып, 1/2 финалдан беттешип баштады. Ал финалдык беттеште Сербиянын өкүлүнө жеңишти алдырды. 

Ошондой эле бул мелдешке Милана Шихшабекова жана Нурайым Осмонова да катышкан. Алар алгачкы беттештерде эле утулду.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»