АКИpress - Апрель айында Арашан–Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолду кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктаган, деп билдирди Транспорт министрлиги.
2025-жылы суу түтүктөрүн орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери бүткөрүлгөн.
Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, № 25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Арашан–Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ. Ал лыжа базага жана эс алуу жайларына алып барат.