00:40, 25-март, 2026

«Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа кластеринин алкагында дагы 4 асма жол курулат

13:08, 24-март, 2026 205

АКИpress - «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин долбооруна ылайык, Жыргалаңда курула турган объекттерге жер сатуу боюнча аукциондун 2-баскычы өтөрүн маалымдады.

Компаниянын башкармалык төрагасы Жаркынбек Максүтовдун айтымында, аукционго жергиликтүү жана чет мамлекеттен келген инвесторлор да катыша алат: жергиликтүү инвесторлорго жер менчикке берилсе, ал эми чет элдик инвесторлорго 49 жылга ижарага берилет.

«Буга чейинки аукциондун 1-баскычынын алкагында 14 лот сатылган. Эки-үч мейманкананын котлованы казылган. Ал жерд кыш катаал болгондугуна байланыштуу, курулуш кичине токтоп турат. Австриялык "Доппельмайер" компаниясы менен эки асма жолдун курулушу боюнча келишимибиз бар. Ага ылайык, жалпы узундугу 4 чакырымды түзгөн 2 асма жол быйыл май айында толугу менен бүткөрүлөт. Бир ай мурда компания менен экинчи баскыч тууралуу келишимге кол койдук. Анын негизинде дагы 4 асма жол декабрь айына бүткөрүлөт», - деди ал.

Маалыматка ылайык, 2025 жылдын 15-июнунан 18-июнуна чейин төрт күндө өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча коюлган лоттордун ичинен 14 объект өз ээсин тапкан. Анын жыйынтыгы менен 472 млн 599 миң 298 сом түшкөн.

2-баскыч менен 36 лот сатыкка коюлууда. 

«36 объекттин 14 объекти — 2 жылдыздуу, 8 объект — 3 жылдыздуу, 6 объект — 4 жылдыздуу, 3 объект — 5 жылдыздуу жана 5 объект — инфраструктуралык багыттагы объекттер. Булар — тамактануучу жайлар, спа комплекстер, этнокомплекс жана модулдук турак жайлар. Эң минималдуу жер аянтынын көлөмү 400 чарчы м түзөт. Эң максималдуу чоң аянт — 6.456 чарчы м. Минималдуу баштапкы баа — 1,8 млн сом жана максималдуу эң чоң объектинин баасы 66,6 млн сом. Бул старттык баалар», - деди дагы бир өкүл Бакыт Анаркулов.

Маселе тууралуу:

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 16-майында «Ала-Тоо Резорт» (мурдагы «Үч чоку») тоо лыжа базасынын жер тилкелерине аукцион уюштурула турганын жарыялаган. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында курула турган тоо лыжа базасы «Ала-Тоо Резорт» деп аталат.

Жыргалаң тилкесиндеги биринчи асма жол 2026-жылдын июль айында бүтөт. Ошентип, 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында лыжа трассалары менен биринчи фаза (Жыргалаң) пайдаланууга берилет.

Экинчи фазанын (Ак-Булак) курулушу 2027-жылы, ал эми 2028-жылы үчүнчү фаза (Боз-Учук) аяктайт, андан кийин үч тоонун трассалары бириктирилип, курорт толук кандуу иштей баштайт.

Биринчи фазанын (Жыргалаң) курулушу үчүн каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Калган эки фаза (Ак-Булак жана Боз-Учук) бюджетке оорчулук келтирбөө үчүн жер сатуудан түшкөн каражатка курулат.


«Doppelmayr Seilbahnen GmbH Außenstelle Stetten» — австриялык холдингдин филиалы. Холдингдин дүйнөнүн 50 өлкөсүндө сатуу жана тейлөө боюнча филиалдары бар. Бүгүнкү күнгө чейин компания 96 мамлекеттен келген кардарлар үчүн 15 400дөн ашык асма жол системасын ишке ашырган.

Маселенин тарыхы:

Буга чейин Франциялык «S3V» (Société de Trois Vallees) компаниясы тарабынан «Үч чоку» долбоору боюнча план иштелип чыккандыгы кабарланган.

«S3V» (Société de Trois Vallees) - Альпы тоосунун Франциянын аймагындагы бөлүгүндө жайгашкан белгилүү «Courchevel» - Куршевель лыжа курортунун оператору. Кыргызстанда анын аналогун түзүү пландалган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларын бириктирген тоо лыжа курорттук базасын түзүү каралган.

Мындан улам Минкаб 2024-жылдын 7-июнунда Президенттин иш башкармасынын алдында «Кыргыз Куршевель» (азыркы «Ала-Тоо Резорт») мамлекеттик мекемесин түзгөн. Ал долбоорду ишке ашырууга жооптуу мекеме болуп дайындалган. Аны Жаркынбек Максүтов жетектей баштаган. Мындан соң Минкаб аянты 1624 гектарды түзгөн жер тилкесин «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берген. Ага ылайык, Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл округунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 870,13 га, 826,4 га жер аянттары айыл чарба багытынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттардагы жерлер» категориясына которулган.


Франциялык «S3V» (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан «Үч чоку» кластери Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа базасы болушу мүмкүн деген. Ал долбоор ишке ашырылгандан кийин 4,8 миң жумуш орун түзүлүп, салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөрүн жана курорттор жылына 10 ай иштеп, 850 миңге чейин туристти кабыл ала аларын белгилеген.

Экономика министрлиги долбоорду каржылоого жалпы 1,2 млрд евро керектеле турганын кабарлаган.

Президент С.Жапаров 2025-жылы январь айында курулуш министри Нурдан Орунтаевди 3 кызматкери менен бирге курортту көрүп, баамдап келиш үчүн Франциядагы «Куршевель» лыжа базасына жиберген.

Кийинчерээк Министрлер кабинети «Доппельмайр Зайльбанен ГмбХ» (Doppelmayr Seilbahnen GmbH) компаниясын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Үч чоку» тоо лыжа кластери» (азыркы «Ала-Тоо Резорт») мамлекеттик маанидеги долбоору боюнча асма жолдун инфраструктурасын жеткирүүчү, долбоорлоочу жана куруучу катары аныктаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»

Тема боюнча: