03:10, 25-март, 2026

1-апрелден тарта электр энергиясындагы чектөө алынат

На русском
13:04, 24-март, 2026 1202

АКИpress - Кыргызстанда күз-кыш мезгили аяктагандыгына байланыштуу 1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген чектөө толугу менен алынат.

Энергетика министрлиги билдиргендей, буга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышына байланыштуу жана электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу чектөөлөр киргизилген. Тактап айтканда, электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулук төмөндөтүлгөн. Ага ылайык:

— 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин;

— 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин түшүрүлгөн.

Бул чаралар киргизилбесе, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кооптуу чекке чейин төмөндөшү мүмкүн болчу. 

Былтыр 2025-жылы керектөө 19 094,8 млн кВт/саатты түздү, бул 2024-жылга (18 235 млн кВт/саат) салыштырмалуу 859,8 млн кВт саат же 4,7%га көп. Мунун себептери: турак жайлардын курулушу, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү жана жаңы объекттердин электр тармактарына кошулушу. 

2026-жылдын 1-январына карата керектөөчүлөрдүн жалпы саны 1 млн 621 миң 292ге жетти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»