23:10, 24-март, 2026

«Кудайберген» жактагы айрым соода күркөлөрү алынууда

На русском
12:54, 24-март, 2026 318

АКИpress - Бишкек шаарында жер пайдалануу шарттарын бузуу менен жайгаштырылган объектилерди демонтаждоо иштери улантылууда.

Мэрия билдиргендей, комиссиянын чечими менен Патрис Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объектилер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды. Буга байланыштуу Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча  башкармалыгы жеңил типтеги соода күркөлөрүн демонтаждоого киришти.

Жалпысынан 12 объект алынат. Учурда 4 күркө демонтаждалып, калган 8 объект боюнча иштер уланууда.

Бул иш-чаралар муниципалдык аймакты бошотууга жана тартип орнотууга багытталган.

Аталган аймакта Биринчи май райондук администрациясы тарабынан көрктөндүрүү, санитардык абалды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»