АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз өлкөнүн аймагында жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, күндүз Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -2...+3
күндүз +17...+22
Суусамыр өрөөнүндө
түнкүсүн -6...-11
күндүз -2...+3
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн 0...+5
күндүз +15...+20
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында
түнкүсүн +5...+10
күндүз +19...+21
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө
түнкүсүн +5...+10
күндүз +19...+24
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -3...+2
күндүз +12...+17
Нарын облусунда
түнкүсүн -3...+2
күндүз +7...+12
Бийик тоолуу райондордо
түнкүсүн -13...-18
күндүз 0...-5
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6°, күндүз +20...+22°.