АКИpress - Социалдык тармактарда Чүй облусунда учуп жүргөн тик учактар түрмөдөн качып кеткен жети кылмышкерди издеп жатат деген аудио билдирүү тараган.
24-мартта «АКИpress» редакциясына Кара-Балта шаарынын активисти Данил Шувалов бул маалымат жалган экенин билдирди.
Ошондой эле Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Жайыл районунун үстүндөгү тик учактар Куралдуу күчтөрдүн пландалган окуу-машыгуусу экенин кабарлады.
«Учуулар бекитилген маршруттар боюнча аткарылат жана эч кандай өзгөчө кырдаалга байланыштуу эмес», - дешти ведомстводон.