АКИpress - 24-марттан 28-мартка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
ӨКМ маалымдагандай:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу); 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74-88-95-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка—Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында;
- Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Жолдор тайгак болот, андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.