19:21, 24-март, 2026

Эскертүү: Ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

11:56, 24-март, 2026 169

АКИpress - 24-марттан 28-мартка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

ӨКМ маалымдагандай:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу); 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
  • Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74-88-95-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная-Горка—Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында;
  • Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
  • Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Жолдор тайгак болот, андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»