02:04, 25-март, 2026

Милиция адам тоноо кылмышын токтотуп калды

На русском
11:11, 24-март, 2026 450

АКИpress - Каракчылыкка даярданып жаткан шектүүлөр кармалды, деп билдирди 24-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

18-февралда милиция кызматкерлеринен турган мобилдик топ Чүй айланма жолуна кызматтык милдетин аткарууга чыккан. Алар түн ичинде Кемин районунун аймагынан адамдардын тобун байкашкан. Патрулдук унааны көргөн жарандардын теңи качууга аракет кылып, бирок үлгүрбөй калган.

Айыл тургундарынын айтымында, ошол күнү алар жаштар менен алтын зер буюмдарын сатып алуу үчүн жолугушууга макулдашкан. Бирок жаштар акча талап кылып, тапанча менен коркутушкан. 

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-207-беренеси («Талап-тоноого даярдануу») менен катталды. Шектүү катары 2001-жылы туулган Д.А., 1998-жылы туулган Ж.А. жана 1997-жылы туулган Д.К. кармалып, 2 айга камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»