00:04, 25-март, 2026

Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен БАД алып кирүү аракети токтотулду

На русском
11:05, 24-март, 2026 1228

АКИpress - Биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду, деп билдиришти 24-мартта Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан.

«Ак-Жол» өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн рейд учурунда, кол жүгүнө 4 400 таңгак «ENYIDA» аталышындагы затты жашырып алып өтүүгө аракет кылган топ аныкталган. Продукциянын алдын ала баасы 12 миллион сомдон ашат.

Салыкчылар актыларды толтуруп, заттар убактылуу алынды. Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»