23:52, 24-март, 2026

Кашка-Суу айылында мыйзамсыз уюштурулган багги-картинг аныкталды

На русском
10:51, 24-март, 2026 313

АКИpress - Курулуш жана архитектура жаатындагы Чүй аймактык башкармалыгынын, ошондой эле Байтик баатыр айыл өкмөтүнүн катышуусундагы атайын комиссия Кашка-Суу айылындагы «Buggy Drom» багги-картинг объектисинде текшерүү жүргүздү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аймакта квадроциклдер үчүн дөңгөлөктөр менен тосулган трасса уюштурулган. Ошондой эле, жабдууларды сактоо жана тейлөө үчүн колдонулган жардамчы курулуштар — контейнер жана гараж аныкталды.

Мындан тышкары, айыл чарба багытындагы жер тилкесин электр менен камсыздоо үчүн тиешелүү уруксат документтери жок кабель тартылган. Текшерүү учурунда электр энергиясын берүү өчүрүлгөн.

Жер тилкени максатсыз пайдалануу КРнын мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Объект ошондой эле керектүү долбоордук жана уруксат документтери жок иштеп жатат. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ээсине жазуу түрүндөгү эскертүү берилип, аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлганга чейин «Buggy Drom» объектисинин иши токтотулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»