02:44, 25-март, 2026

Колумбияда аскердик учак кыйрап, ондогон адамдар набыт болду

На русском
10:18, 24-март, 2026 226

АКИpress - Колумбияда бортто жоокерлери бар аскердик-транспорттук учак кыйрады. Акыркы расмий маалыматтар боюнча, кеминде 34 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алды, деп билдирет «Би-би-си».

Колумбия армиясынын басма сөз атташеси билдиргендей, «Hercules С-130» учагы Колумбия менен Перунун чек арасындагы Пуэрто-Легисамо шаарчасындагы базадан учкандан көп өтпөй кулаган. Колумбиянын аскердик-аба күчтөрүнүн кол башчысы Карлос Фернандо Силва Руэданын айтымында, учакта 114 жүргүнчү жана 11 экипаж мүчөсү болгон.

Колумбиянын президенти Густаво Петро X социалдык тармагына 77 адам ооруканага жеткирилгенин, ал эми 43 адам дагы деле табыла электигин жазды. Учурда куткаруучулар учактын сыныктарын тазалап, кырсык болгон аймакты тинтип жатышат.

Өлкөнүн коргоо министри Педро Санчес учакта аскер кызматкерлери болгонун ырастады. Анын айтымында, учак аэродромдон болжол менен 1,5 чакырым алыстыкта кулаган. Салондо өрт чыгып, андан улам борттогу ок-дарылар жарылган. Учактын аймактагы козголоңчу топтор тарабынан атып түшүрүлгөнүнө эч кандай белгилер жок.

Жергиликтүү басма сөздө кырсык болгон жерден көтөрүлгөн түтүндүн сүрөттөрү жана жарадар болгон жоокерлерди мотоцикл менен ооруканага ташып жаткан тургундардын видеолору жарыяланды.

Президент Густаво Петро бул кырсыкка аскердик техниканы, анын ичинде учактарды жаңылоо программасын кечеңдетип жаткан бюрократиялык көйгөйлөр себеп болгонун билдирди.

«Мен мындан ары эч кандай кечигүүлөргө жол бербейм», - деп жазды президент.

Ушул эле жылдын февраль айында Боливияда да Америкада жасалган ушундай эле «Hercules C-130» учагы кулаган. Ал учак банкнотторду ташып бара жаткан.

Колумбиянын Путумайо чөлкөмүнүн губернатору каза болгондордун саны кеминде 34 адам экенин айтууда.

Ал эми «AFP» агенттиги аскердик булактарга таянып, каза болгондордун саны 66га жеткенин кабарлады (алардын ичинде 58 жоокер, Аскердик-аба күчтөрүнүн 6 кызматкери жана 2 полиция кызматкери бар).

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»