02:50, 25-март, 2026

АКШ Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну 5 күнгө жылдырды

На русском
09:32, 24-март, 2026 233

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп акыркы эки күндө АКШ менен Иран «жакшы жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү» жүргүзгөнүн, мындан улам Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык объекттерине сокку уруу 5 күнгө жылдырыларын билдирди. Бул тууралуу ал «Truth Social» социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай чечим бир жума бою уланчу конструктивдүү сүйлөшүүлөргө байланыштуу кабыл алынган. Бирок Трамп сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын айткан жок.

Иран бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.

22-мартта Трамп Ирандан 2 сутканын ичинде Ормуз кысыгын ачууну талап кылган. Болбосо ал Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку уруларын эскерткен. Буга жооп катары Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгын толугу менен жабууга жана аймактагы АКШнын экономикалык кызыкчылыктарына сокку урууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле Израилдин электр станцияларына жана америкалык үлүшү бар компанияларга да коркунуч айтылган.

Иран Ормуз кысыгын Жакынкы Чыгыштагы жаңжал башталгандан көп өтпөй жапкан. Бул кысык аркылуу деңизде ташылган мунай менен суюлтулган газдын чоң бөлүгү өтчү. Ушундан улам мунайдын баасы кескин өскөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»