АКИpress - 23-мартта Бишкек шаарында «Манас» маданий борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекет башчысынын түздөн-түз колдоосу менен руханий мурастарды даңазалоо, улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат.
«Манас» борборунун курулушу — бул мезгил талабына төп келген жана туруктуу өнүгүүгө багытталган маанилүү кадам. Биз бул ишке чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, курулушту белгиленген мөөнөттө — 2026-жылдын декабрь айында бүтүрүүнү максат кылып жатабыз», - деди Туманбаев.
Долбоордун алкагында курулуш үчүн «Манас» кыргыз улуттук театрынын жанынан 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 6681 чарчы метрди түзөт.
Долбоорго ылайык, үч кабаттуу көп функциялуу комплекс курулат:
биринчи кабатта 500 орундуу банкет залы, ашкана жана техникалык кызматкерлер үчүн зарыл болгон нерселердин баары менен жабдылган кызматтык бөлмөлөр жайгашат;
экинчи кабатта — 1300 орундуу концерттик зал, ошондой эле чыгармачыл ишмерлерди даярдоо үчүн атайын бөлмөлөр;
үчүнчү кабатта эпоско арналган музей жайгашат, бул борбордун туруктуу жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзөт.
Курулушту Президенттин иш башкармалыгы ишке ашырат.