АКИpress - Бишкекте адам уурдоого шектелгендер кармалганы тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмыш Аламүдүн-1 кичи районунда болгон. 17-мартта түнкү саат 1 чамасында жаш жигит үйүнөн чыкканда аны унаада отурган топ жигит күтүп турган. Алар аны белгисиз тарапка алып кетишкен. Улам-улам тынчсызданган эне милицияга кайрылган.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (адам уурдоо) боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери 2006-жылы туулган М.Н., 2006-жылы туулган Ю.Ф. жана 2009-жылы туулган И.Р. аттуу шектүүлөрдү кармады.
Сурак учурунда алар карыз акчадан улам жигитти уурдап кетишкендигин билдиришти.
Алар 1-абакка 2 айга камакка алынды. Өспүрүм тил кат менен бошотулду.