22:58, 24-март, 2026

ЕККУнун баш катчысы Кыргызстанга иш сапары менен келет

На русском
08:11, 24-март, 2026 196

АКИpress - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Хади Синирлиоглу 24-25-март күндөрү Кыргызстанга жумушчу сапар менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуулар пландаштырылууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. Ошондой эле, тараптар аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, коопсуздукка болгон заманбап чакырыктар жана коркунучтар боюнча пикир алмашып, ЕККУнун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»