20:12, 24-март, 2026

Бишкекте Черногориянын ардактуу консулдугу ачылды

На русском
08:06, 24-март, 2026 335

АКИpress - 23-мартта Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Черногориянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин сүйлөшүүлөрү өттү, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Ибрагимович эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Сапардын алкагында Черногориянын Кыргызстандагы ардактуу консулдугу ачылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кулубаев кесиптешине Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу сыяктуу аймактык маанидеги долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Кыргызстан менен Черногориянын окшоштугун белгилешип, гидроэнергетика жана «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүктүн келечегине токтолуп, туризм тармагында тажрыйба алмашууга макулдашышты.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү деңгээлинде кызматташтыкты кеңейтүү, парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү, биргелешкен «тоо күн тартибин» илгерилетүүнүн маанилүүлүгү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө сүйлөшүштү. Бул контекстте кыргыз тарап черногориялык делегацияны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле алдыдагы «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026–2027-жылдарга кызматташуу программаларына жана дипломатиялык кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»