АКИpress - Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун басма сөз кызматы 23-мартта билдиргендей, «Автоунааларды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү шашылыш берүү» мамлекеттик стандартынын долбоору иштелип чыгууда.
Борбордун белгилөөсүндө, бул демилге жарандардын кайрылууларынын негизинде даярдалды.
Учурда документтердин толук пакети бар жана сынактардан ийгиликтүү өткөн учурда, күбөлүк стандарттык тартипте 4 иш күндүн ичинде берилет. Ошондой эле, жарандардын тандоосуна жараша документти 3 сааттын, 1 же 2 иш күндүн ичинде алууга мүмкүнчүлүк бере турган альтернативдик формат сунушталууда.
Мамлекеттик борбордон түшүндүрүшкөндөй, шашылыш кызматты киргизүү документтерди алуунун ыңгайлуулугун жогорулатып, кезекти азайтып, кайра кайрылууларды кыскартат.
Учурда стандарттын долбоору макулдашуу баскычында турат. Шашылыш кызмат үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык чыгымдар эске алынып «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте бекитилгенден кийин аныкталат. Андан соң тарифтик баа антимонополиялык органга каралууга жөнөтүлөт.