04:44, 24-март, 2026

«Орто-Сай» базарындагы кырдаалга байланыштуу 3 жетекчи кызматтан бошотулду

На русском
20:02, 23-март, 2026 3633

АКИpress - Мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында  жыйын өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында дем алыш күндөрү өткөн «Орто-Сай» базарындагы текшерүүнүн жыйынтыктары каралды.

Мэр базардын учурдагы абалына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, жыл бою аймакты жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүнө карабастан, жооптуу кызматтар тарабынан тийиштүү көзөмөл болгон эмес. Натыйжада, абал мурунку калыбына келди: мыйзамсыз соода кайрадан жанданып, аймактын жалпы көрүнүшү начарлады.

Жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Уюштуруу-көзөмөл иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков кызматтан бошотулду;

- Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев кызматтан бошотулду;

- Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматтан бошотулду.

Тартиптик жазалар жарыяланды:

- мэрдин орун басарлары Азамат Кадыровго жана Рамиз Алиевге эскертүү;

- «Шаардык жол-транспорттук инфраструктура» ишканасынын башчысы Асылбек уулу Бакайга жана Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирланбек Таалайбековго сөгүш.

Ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугун кароо демилгеленди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»